Чавушоглу Италияга барат
Римде 8-Жер ортолук деңиз диалог форуму өтөт.
1913205

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Италиянын борбор шаары Римде өтө турган 8-Жер ортолук деңиз диалог форумуна катышуу үчүн бул өлкөгө барат.
Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө: «Министрибиз 2022-жылдын 1-2-декабрында Римде өтө турган 8-Жер ортолук деңиз диалогу форумуна катышуу үчүн Италияга барат. 2-декабрдагы «Атайын диалог» сессиясында аймактык жана эл аралык маселелер боюнча тышкы саясатыбызга байланыштуу кайрылуу жасайт»,- деп айтылды.
Билдирүүдө Чавушоглунун аталган сапардан улам катышуучу өлкөлөрдөн кесиптештери жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушуусу күтүлүп жатканы белгиленди.
Тектеш кабарлар

Чавушоглу кытайлык кесиптеши менен сүйлөштү
Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен берилген маалыматта орун алды.