Чавушоглу ЕККУнун жыйынында сөз сүйлөдү

Чавушоглу аймактык бүтүндүктү, эгемендүүлүктү жана саясий көз карандысыздыкты урматтоонун Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) өзөгүндө орун алганын жана ЕККУнун негиздөөчү принциптеринин бири экенин белгиледи.

1913575
Чавушоглу ЕККУнун жыйынында сөз сүйлөдү

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, дипломатияга мүмкүнчүлүк берилгенде сүйлөшүү жолу менен чечүүнүн мүмкүн экенин айтты.

Чавушоглу Польшада өткөрүлгөн Европа Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун (ЕККУ) Тышкы иштер министрлер кеңешинин 29-жыйынында сөз сүйлөдү.

Чавушоглу аймактык бүтүндүктү, эгемендүүлүктү жана саясий көз карандысыздыкты урматтоонун Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) өзөгүндө орун алганын жана ЕККУнун негиздөөчү принциптеринин бири экенин белгиледи.

Министр Чавушоглу өткөн жылы Швециянын борбор шаары Стокгольмдо ЕККУнун жыйынында катышуучу мамлекеттердин ортосундагы ишенимсиздикти жоюунун маанисине басым жасаганын эске салып, Польшанын бул «өтө маанилүү» темага көңүл бургандыгы үчүн куттуктады.

Ишенимдин принциптүү саясаттар менен түзүлө аларын баса белгилеген Чавушоглу: «Түркиянын чукул абалдарды жеңилдетүү аракеттери уланууда. Алардын арасында дан келишими, Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттик менен Орусиянын мамлекеттик атомдук энергия уюмунун (Росатом) Украинадагы Запорожье атомдук станциясынын коопсуздугу үчүн жолугушуусу жана туткундарды алмашуу бар»,-деп айтты.

ЕККУнун тышкы иштер министрлер кеңешинин жыйынынын быйыл Украинадагы согуштан улам өзгөчө шарттарда өткөнүн билдирген Чавушоглу: «Дипломатияга мүмкүнчүлүк берилсе, сүйлөшүү жолу менен чечүү мүмкүн болот. Бул өтө маанилүү платформаны бузуу эч кимдин кызыкчылыгына туура келбейт. Түркия ЕККУнун иш-аракттерин активдүү түрдө колдой берет, анткени бизде ЕККУдай конструктивдүү башка платформа жок»,-деди.

Бир тараптан Лодзго сапарынын алкагында Чавушоглу Ватикандын тышкы иштер министри Ричард Галлахер, Тажикстандын тышкы иштер министри Сирожиддин Мухриддин жана Польшанын тышкы иштер министри архиепископ Збигнев Рау менен өз-өзүнчө жолугушту.

Министр Чавушоглу Азербайжандын тышкы иштер министри Жейхун Байрамов жана ЕККУнун баш катчысы Хельга Шмид менен да эки тараптуу жолугушууларды өткөргөн болчу.



Тектеш кабарлар