Акардын союздаштарга 'ПКК/КЖК/ЙПГ' эскертүүсү жана Жеффри менен жолугушуу

Акар борбор шаар Анкарада журналисттерге маалымат берди.

1913586
Акардын союздаштарга 'ПКК/КЖК/ЙПГ' эскертүүсү жана Жеффри менен жолугушуу
james jeffrey-akar.jpg
akar.jpg

Улуттук коргоо министри Хулуси Акар шериктеш өлкөлөрдү эч кандай себеп менен жикчил террор уюму ПКК/КЖК/ЙПГга колдоо көрсөтпөө боюнча эскерткендерин айтты.

Акар борбор шаар Анкарада журналисттерге маалымат берди.

Акар Түрк куралдуу күчтөрүнүн коопсуздукту камсыз кылуу максатында Бириккен Улуттар Уюмунун Уставынын 51-беренесинен келип чыккан өзүн-өзү коргоо укуктарынын алкагында коңшуларынын аймактык бүтүндүгүн жана эгемендигин урматтоо менен террорго каршы күрөшүн берилгендик жана чечкиндүүлүк менен улантып жатканын айтты. Сириянын түндүгүндө тынчтыкты жана ырааттуулукту бузууну көздөгөн куугунтуктарды жана кол салууларды көбөйткөндөрүн белгиледи.

Мехметчиктин коңшу өлкөлөргө жана бүткүл дүйнөгө жасаган бардык операцияларында бир гана террористтерди бутага алганын баса белгилеген Акар:«Акыркы мезгилдеги жолугушууларда шериктеш өлкөлөрдү чек араларыбызга жана элибизге кол салган кандуу террордук уюм ПКК/КЖК/ЙПГга кандай себеп менен болбосун, анын ичинде ДЕАШ менен күрөшүү шылтоосу менен колдоо көрсөтпөй, террористтерден айырмалоону кыйындата турган өз формаларын жана желегин колдонуусуна уруксат бербөөнү, жашаган аймактарынан террорчуларды алыс кармоону жана террордук уюмдар менен болгон бардык карым-катнаштарын тез арада үзүүнү эстетип, керектүү эскертүүлөр жасалууда»,-деди.

Бир тараптан Акар Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Сирия боюнча мурдагы атайын өкүлү Жеймс Жеффри менен жолугушту.

Министрликтин билдирүүсүнө караганда, Акар менен Жеффри министрликте жолугушту.



Тектеш кабарлар