Акар менен Остин телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү

Улуттук коргоо министрлигинен берилген маалыматка караганда телефондогу сүйлөшүүдө эки тараптуу жана аймактык коргонуу жана коопсуздук маселелери талкууланды.

1913179
Акар менен Остин телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү

Улуттук коргоо министри Хулуси Акар Америка Кошмо Штаттарындагы (АКШ) кесиптеши Ллойд Жеймс Остин менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Улуттук коргоо министрлигинен берилген маалыматка караганда телефондогу сүйлөшүүдө эки тараптуу жана аймактык коргонуу жана коопсуздук маселелери талкууланды.

Анда Түркия менен АКШнын эки маанилүү шериктеш экенин баса белгилеген Акар, террорго каршы операциялардын Бириккен Улуттар Уюмунун келишиминин 51-беренесинен келип чыккан өзүн-өзү коргоо укуктарынын алкагында жүргүзүлүп жатканын түшүндүрдү.

Террор менен күрөшүүдө кызматташтык жана тилектештиктин аймактык жана глобалдык тынчтык жана коопсуздукка салым кошо турганын белгилеген Улуттук коргоо министри, бул алкакта Түркиянын ДЕАШ жана башка бардык террордук уюмдарга каршы кызматташууга даяр экенин айтты.

Министр Акар айрыкча террорго каршы операцияларда «жалгыз бута террористтер экенин» баса белгилеп, коалиция күчтөрүнө же жарандарга зыян келтирүүнүн мүмкүн эмес экенин баса белгиледи.



Тектеш кабарлар