Президент Эрдоган эки элчини кабыл алды
Президент Режеп Таййип Эрдоган Пакистандын жана Индиянын Түркиядагы элчилеринин ишеним грамоталарын кабыл алды.
1913115



Президент Режеп Таййип Эрдоган Пакистандын элчиси Юсуф Жунайдды кабыл алды.
Пакистандын элчиси Юсуф Жунайд борбор шаар Анкарадагы Президенттик комплексте өткөрүлгөн кабыл алууда президент Эрдоганга ишеним грамотасын тапшырды.
Жунайд уулдары менен айрым элчилик мүчөлөрүн президент Эрдоганга тааныштыруусунан кийин эстелик сүрөткө түшүштү.
Президент Эрдоган Индиянын Түркиядагы элчиси Вирандер Полду да кабыл алды.
Президенттик комплекстеги кабыл алууда элчи Пол Эрдоганга ишеним грамотасын тапшырды.
Полдун жубайы жана айрым элчилик кызматкерлери президент Эрдоганга тааныштырылгандан кийин эстелик сүрөткө түшүштү.
Тектеш кабарлар

4 террорист көндүрүү жолу менен багынды
Үстүбүздөгү жылы көндүрүү менен багынган террористтердин саны 5ке жетти.