Каймакжы: «ЕБ менен НАТОнун чек аралары Түркиянын түштүк чек аралары»

Чек араны башкаруу чөйрөсүндө институттар аралык кызматташуу менен маалымат алмашууну камсыз кылган бирдиктүү маалымат базасын түзө турган Улуттук координациялык жана биргелешкен тобокелдиктерди талдоо борборунун (UKORAM) жыйыны Анкаарада өттү.

1912909
Каймакжы: «ЕБ менен НАТОнун чек аралары Түркиянын түштүк чек аралары»

Тышкы иштер министринин орун басары жана Европа Биримдиги боюнча (ЕБ) төрага Фарук Каймакжы Евробиримдиктин чек аралары бүгүнкү күндө Эгей деңизи болушу мүмкүн экенин, бирок ЕБ менен НАТОнун чек аралары Түркиянын түштүк чек аралары экенин белгиледи.

Чек араны башкаруу чөйрөсүндө институттар аралык кызматташуу менен маалымат алмашууну камсыз кылган бирдиктүү маалымат базасын түзө турган Улуттук координациялык жана биргелешкен тобокелдиктерди талдоо борборунун (UKORAM) институционалдык потенциалын колдоо долбоору борбор калаа Анкарада өткөн жыйында талкууланды.

Каймакжы, ачылышта сүйлөгөн сөзүндө, долбоордун ЕБге кирүүгө чейинки каржылык жардам фонддорунан (IPA) алынган колдоо менен ишке ашырылганын айттып: «Бул долбоор Түркиянын түштүк жана түштүк-чыгыш чек араларына инвестиция гана эмес, бул Европа менен НАТОнун чек араларына салынган инвестиция. Евробиримдиктин чек аралары бүгүнкү күндө Эгей деңизи болушу мүмкүн, бирок ЕБ менен НАТОнун чек аралары Түркиянын түштүк чек аралары»,-деди.

Каймакжы долбоордун Түркиянын Европа Биримдигине мүчөлүк жолунун 24-бөлүмүнүн ачылышына салым кошо турганын белгилеп, түрк жарандары үчүн визаны либералдаштыруу жагынан маанилүү критерийлерди аткарган бир курал экенин баса белгиледи.

Евробиримдиктин Түркиядагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Николаус Мейер-Ландрут да Евробиримдиктин чек ара коопсуздугуна өзгөчө маани бергенине көңүл буруп: «Бул жылы Түркияга чыгыш чек араларын бекемдөө үчүн 220 миллион евро каржыланат»,-деди.

Миграция саясатын өнүктүрүү боюнча эл аралык борбордун (ICMPD) башкы директору Майкл Шпинделеггер болсо: «Түркиянын географиялык абалы Түркияны Европанын, Жакынкы Чыгыштын жана Борбор Азиянын борборунда жайгаштырат. Ошондуктан мамлекет жана анын коңшулары ар кандай кыйынчылыктарга даяр болушу керек. Бул алкакта чек арадагы мыйзамсыз аракеттер жана миграция эске алынат»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар