Чавушоглунун Бухаресттеги жолугушуулары

Чавушоглу НАТОнун тышкы иштер министрлеринин жыйыны үчүн Бухарестке барган.

1912893
Чавушоглунун Бухаресттеги жолугушуулары
hollanda wopke hoekstra-cavusoglu.jpg
cavusoglu bukres'te estonya urmas reinsalu.jpg

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу НАТОнун тышкы иштер министрлеринин жыйыны үчүн барган Румыниянын борбор шаары Бухарестте Эстониянын тышкы иштер министри Урмас Реинсалу, Португалиянын тышкы иштер министри Жоао Гомес Кравиньо, Британиянын тышкы иштер министри Жеймс Клеверли жана Нидерландиянын тышкы иштер министри Вопке Хоекстра менен жолугушту.

Министр Чавушоглу эстониялык кесиптеши Реинсалу менен НАТОнун кеңейүүсү жана Украинадагы согушка байланыштуу акыркы абалдарды сүйлөшкөндөрүн Твиттердеги баракчасынан билдирди.

Чавушоглу португалиялык кесиптеши Кравиньо менен да ушул эле темалардан тышкары эки тараптуу экономикалык карым-катнаштарды талкуулагандарын белгиледи.

Мевлүт Чавушоглу британиялык кесиптеши менен жолугушуусуна байланыштуу: «Биз Украинадагы акыркы окуяларды, экономикалык жана коргонуу тармагындагы кызматташтыгыбызды сүйлөштүк»,-деди.

Чавушоглунун нидерландиялык кесиптеши Хоекстра менен болгон жолугушуусунда Украинадагы кырдаал жана НАТОнун кеңейиши каралды.

Бир тараптан тышкы иштер министри Чавушоглу Ирандын тышкы иштер министри Хүсейин Эмир Абдуллахиян жана Түркмөнстандын тышкы иштер министри Рашид Мередов менен өз-өзүнчө телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү.

Министрликтен алынган маалыматка караганда, Чавушоглу Абдуллахиян менен сүйлөшүүсүндө, алдыдагы мезгилде боло турган өз ара сапарлардын даярдыктарын талкуулады.

Министр Чавушоглу Мередов менен болсо Түркия-Азербайжан-Түркмөнстан үч тараптуу саммиттин даярдыктарын сүйлөштү.



Тектеш кабарлар