Түркиянын туризминде жаңы доор
Эрдоган баш калаа Анкарада Түркиянын отелчилер федерациясынын 7-Кезектеги жалпы сессиясында сөз сүйлөдү.

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Түркияны кайрадан калыптанган глобалдык, саясий жана экономикалык архитектуранын борборуна жайгаштырууну максат кылгандарын айтты.
Эрдоган баш калаа Анкарада Түркиянын отелчилер федерациясынын 7-Кезектеги жалпы сессиясында сөз сүйлөдү.
Түркиянын дүйнөнүн бардык кооздуктарын өзүнө чогулткан казынасы бар экенин, көптөгөн шаарлардын туризмде өзгөчөлөнгөндүгүн белгилеген Эрдоган: «Туризмде шакирттик мезгилибизди аяктап, чеберчилик доорундабыз»,-деди.
Президент Эрдоган: «Дүйнөлүк пандемия мезгилинде кыска тыныгуу алганыбызга карабастан, туристтердин саны боюнча да, туризмден түшкөн киреше боюнча да өлкөбүздүн өнүгүп жатканына чогуу күбө болуп жатабыз. Түркиянын 2021-жылы турист санында дүйнөдө төртүнчү, туризм кирешесинде сегизинчи орунга чыгышы быйыл андан дагы жакшы жерге келе турганыбыздын кабарчысы. Биздин максат - өлкөбүздү кайрадан калыптанган глобалдык, саясий жана экономикалык архитектуранын борборуна жайгаштыруу менен мүмкүнчүлүктөрдү колдон чыгарбоо»,-деп айтты.
Тектеш кабарлар

4 террорист көндүрүү жолу менен багынды
Үстүбүздөгү жылы көндүрүү менен багынган террористтердин саны 5ке жетти.