Чавушоглу:«Процесс позитивдүү жүрүп жатат, бирок дагы эле таштала турган кадамдар бар»

Мевлүт Чавушоглу борбор шаар Анкарада Түркмөнстандын Министрлер кеңешинин төрага орун басары жана тышкы иштер министри Рашид Мередов менен бирге өткөргөн маалымат жыйынынан кийин журналисттердин суроолоруна жооп берди.

1912134
Чавушоглу:«Процесс позитивдүү жүрүп жатат, бирок дагы эле таштала турган кадамдар бар»

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, Швеция жана Финляндиянын НАТОго мүчөлүгү үчүн Түркия менен түзүлгөн үч тараптуу келишимдин алкагында ташталган кадамдарга байланыштуу: «Процесс позитивдүү жүрүп жатат, бирок дагы эле таштала турган кадамдар бар»,-деди.

Мевлүт Чавушоглу борбор шаар Анкарада Түркмөнстандын Министрлер кеңешинин төрага орун басары жана тышкы иштер министри Рашид Мередов менен бирге өткөргөн маалымат жыйынынан кийин журналисттердин суроолоруна жооп берди.

Швеция менен Финляндиянын НАТОго мүчөлүгү үчүн июнь айында Испанияда түзүлгөн үч тараптуу келишимге токтолгон Чавушоглу Румыниянын борбор шаары Бухарестте боло турган НАТОнун тышкы иштер министрлеринин жыйынына көңүл бурду.

Чавушоглу: «Ошондой эле көптөгөн эки тараптуу жолугушуулар болот. Мисалы, Германиянын тышкы иштер министри (Анналена) Бэербок жана Улуу Британиянын тышкы иштер министри (Жеймс) Клеверли менен жолугушабыз. Бухарестте Швеция жана Финляндиянын тышкы иштер министрлери менен да үч тараптуу форматта жолугушабыз»,-деп айтты.

Чавушоглу: «Алар меморандумдагы милдеттердин айрымдарын аткарып, айрымдарын аткарышкан жок. Башкача айтканда, азырынча конкреттүү кадамдарга бара элек. Алар экстрадиция жана укуктук жөнгө салуу боюнча конкреттүү күтүүлөрдү актаган жок. Парламентибиз жана жарандарыбыз макул болушу керек. Президентибиз (Режеп Таййип Эрдоган) дагы Швециянын премьер-министрине (Ульф Кристерссон) бул жагдайларды билдирген. Жыйынтыктап айтканда, процесс оң жылып жатат, бирок дагы эле таштала турган кадамдар бар»,-деп айтты.

Чавушоглу эки өлкөнүн шарттарды аткаруусу тууралуу : «Финляндия менен болгон көйгөйлөр анчалык деле чоң эмес. Швеция менен дагы көп көйгөйлөрүбүз бар. Негизи Швеция дагы көп кадам ташташы керек болгон өлкө»,-деп өз баасын берди.



Тектеш кабарлар