Чавушоглу Финляндия жана Швециянын тышкы иштер министрлери менен жолугушту
Чавушоглу: "Түркия-Швеция-Финляндия үч тараптуу тышкы иштер министрлеринин жыйналышында үч тараптуу меморандумдун алкагында ташталган кадамдарга баа бердик жана күтүүлөрүбүзгө басым жасадык»,-деди.

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу НАТОго мүчө болуу үчүн арыз берген Финляндия жана Швециянын тышкы иштер министрлери менен үч тараптуу жыйында жолугушту.
Чавушоглу НАТОнун тышкы иштер министрлеринин жыйыны үчүн барган Румыниянын борбор шаары Бухарестте Швециянын тышкы иштер министри Тобиас Биллстрем жана Финляндиянын тышкы иштер министри Пекка Хаависто менен жолугушту.
НАТО жыйынынын алдындагы жолугушууга байланыштуу социалдык медиадан билдирүү жасаган Чавушоглу, Түркиянын июнь айында Мадридде өткөрүлгөн НАТО саммитинде кол коюлган өз ара түшүнүшүү меморандумунун алкагындагы күтүүлөрүн билдиргенин айтты.
Чавушоглу: "Түркия-Швеция-Финляндия үч тараптуу тышкы иштер министрлеринин жыйналышында үч тараптуу меморандумдун алкагында ташталган кадамдарга баа бердик жана күтүүлөрүбүзгө басым жасадык»,-деди.
Тектеш кабарлар

Бир нече сааттардан кийин үмүт берген кабарлар...
Убакыт өтүп баратат, бирок урандылардан үмүт берүүчү кабарлар келүүдө...