Шентоп Австрияда

Шентоп Венага эки күндүк сапарында Австриянын президенти Александр Ван дер Беллен, премьер-министр Карл Нехаммер жана Улуттук ассамблеянын спикери Вольфганг Соботка менен жолугушат.

1912010
Шентоп Австрияда

Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын (ТУУЖ) төрагасы Мустафа Шентоп жана аны коштогон парламенттик делегация расмий жолугушууларды өткөрүү үчүн Австриянын борбор шаары Венага барды.

Шентоп жана аны коштоп жүргөн парламенттик делегация Швечат эл аралык аэропортунда, Түркиянын Венадагы элчиси Озан Жейхун, Түркиянын Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Венадагы туруктуу өкүлү Левент Элер, Түркиянын Европа Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмундагы (ЕККУ) туруктуу өкүлү, элчи Хатун Демирер жана Австрия парламентинин протоколунун директору, элчи Ева Руссек тосуп алышты.

Шентоп Венага эки күндүк сапарында Австриянын президенти Александр Ван дер Беллен, премьер-министр Карл Нехаммер жана Улуттук ассамблеянын спикери Вольфганг Соботка менен жолугушат.

Шентоп «Юнус Эмре» маданий борборуна да барат жана түрк коомчулугунун өкүлдөрү менен жолугушат.

Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын Төрагасы Шентоп Венадагы Түркия элчилигинде «Түркиянын жүрөгүндө Клеменс Холцмейстер парламентинин имаратынын монументалдык эмгеги» аттуу көргөзмөнү ачат.



Тектеш кабарлар