Эрдоган «Чеңгел-Кулпу» операциясына катышкан бөлүктөрдүн командирлерине кайрылды

Президент Режеп Таййип Эрдоган видеоконференцияга телефон аркылуу катышып, талаадагы бөлүктөрдүн командирлерине кайрылды.

1911595
Эрдоган «Чеңгел-Кулпу» операциясына катышкан бөлүктөрдүн командирлерине кайрылды
akar.jpg
hulusi akar sinir.jpg

Президент Режеп Таййип Эрдоган: «Кыштын оор шарттарында «Чеңгел-Кулпу» менен Запта (Ирактын түндүгүндө) жана Сириянын түндүгүндө да маанилүү күрөш жүргүзүлүп жатат. Бул күрөштүн жыйынтыгы пайдалуу болот буюрса»,-деп айтты.

Улуттук коргоо министри Хулуси Акар, Башкы штабдын төрагасы, армия генералы Яшар Гүлер жана күч командирлери менен бирге «Чеңгел-Кулпу» операциясына катышкан бөлүктөрдүн командирлери менен видео конференция өткөрдү.

Эрдоган видеоконференцияга телефон аркылуу катышып, талаадагы бөлүктөрдүн командирлерине кайрылды.

Президент Эрдоган:«Албетте, ал жерде жүрөгүбүз күйүп жатат. Бирок сиз муну абдан катуу сурап жатасыз, шейиттерибиздин каны жерде калган жок, калбайт жана мен ишенем, мындан ары да жерде калбайт. Шейиттик жол абдан ыйык жана куттуу жол. Мехметчибиздин бул куттуу жолдо ушул убакка чейин көрсөткөн күрөшү ар ким тарабынан, өзгөчө сиз командирлик тарабынан жакшы билинет. Учурда абдан оор кыш шарттарында «Чеңгел-Кулпу» операциясы менен Запта, Сириянын түндүгүндө да ушундай маанилүү күрөш ушундай маанилүү мезгилде жүргүзүлүп жатат. Бул күрөштүн натыйжасы абдан жакшы боло турганына, пайдалуу боло турганына ишенемин»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар