Чавушоглу: "Швеция менен Финляндиянын таштай турчу кадамдары бар"

Чавушоглу борбор шаар Анкарада журналисттердин суроолоруна жооп берди.

1912042
Чавушоглу: "Швеция менен Финляндиянын таштай турчу кадамдары бар"

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, Швеция менен Финляндиянын НАТОго мүчөлүгү үчүн дагы деле ташталышы керек болгон кадамдардын бар экенин айтты.

Чавушоглу борбор шаар Анкарада журналисттердин суроолоруна жооп берди.

Швеция менен Финляндиянын НАТОго мүчөлүгү боюнча үч тараптуу келишимге токтолгон Чавушоглу, Румыниянын борбор шаары Бухарестте өтө турган НАТОнун тышкы иштер министрлеринин жыйынына көңүл буруп: «Көп сандаган эки тараптуу жолугушуулар да болот. Мисалы, Германиянын тышкы иштер министри (Анналена) Бербок жана Британиянын тышкы иштер министри (Жеймс) Клеверли менен жолугушуу өткөрөбүз. Ошондой эле эртең Бухарестте Швеция жана Финляндиянын тышкы иштер министрлери менен үч тараптуу форматта жолугушабыз»,-деп айтты.

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг менен Стамбулдагы жолугушуудан кийин кээ бир алгылыктуу кадамдар ташталса да үч тараптуу жолугушууда иш-аракеттерди улантууга чечим чыгарылганын белгилеген Чавушоглу: «Бул алар меморандумдагы милдеттердин бир бөлүгүн аткарып, айрымдарын аткарышкан жок дегенди билдирет. Башкача айтканда, алар азырынча конкреттүү кадамдарга бара элек. Экстрадициялар жана укуктук жөнгө салуу боюнча конкреттүү күтүүлөрдү актай элек. Парламентибизди жана жарандардарыбызды ынандыруусу керек. Президентибиз (Режеп Таййип Эрдоган) да Швециянын премьер-министрине (Ульф Кристерссонго) бул жагдайларды билдирди. Жыйынтыктап айтканда процесс оң жылып жатат, бирок дагы деле ташталышы керек болгон кадамдар бар»,- деди.

Египет менен карым-катнаштар тууралуу суроого да жооп берген Чавушоглу: «Министрдин орун басарларынын саясий консультациялары жакын арада кайрадан башталышы мүмкүн. Жакынкы айларда элчи дайындалышы мүмкүн»,- деди.

Чавушоглу, Сирия менен карым-катнаштарга байланыштуу суроого болсо: «Максатыбыз Сириядагы жарандык согушту токтотуу. Процессти оппозиция менен жүргүзүп жатабыз. Оппозиция да режим менен Астана сүйлөшүүлөрүнө катышууда. Биздин максатыбыз саясий процессти, анын ичинде конституциялык сүйлөшүүлөрдү жандандыруу. Бул иш-аракеттин бир түркүгү болуп саналат, Конституциялык комитетте жылыш болушу керек, бирок ал жакта эч кандай жылыш жок»,- жооп берди.

Түркия 28-июнда Испаниянын Мадрид шаарында өткөн НАТО саммитинде мүчөлүк үчүн арыз берген Финляндия менен Швецияга вето койгон. Террордук уюмдарга ачык колдоо көрсөткөн эки өлкө менен протокол түзгөн Анкара, убадалардын аткарылышын күтүп жатат.



Тектеш кабарлар