Фатих Дөнмез Кара деңиздин жаратылыш газын табуу жагынан Түркия келечектүү экенин айтты

Энергетика жана жаратылыш ресурстары министри Фатих Дөнмез менчик бир телеканалдан билдирүү жасады.

1911535
Фатих Дөнмез Кара деңиздин жаратылыш газын табуу жагынан Түркия келечектүү экенин айтты

Энергетика жана жаратылыш ресурстары министри Фатих Дөнмез Кара деңиздин жаратылыш газын табуу жагынан Түркия үчүн келечектүү экенин айтты.

Фатих Дөнмез менчик бир телеканалдан билдирүү жасады.

Түркия керектеген жаратылыш газынын 99 пайызын импорттой турганын баса белгилеген Дөнмез:«Кара деңиз газы ишке кирип, толук өндүрүшкө киргенде, жалпы керектөөнүн 25-30 пайызын биз өзүбүздүн газыбыз менен камсыздайбыз. Жаратылыш газына болгон тышкы көз карандылыгыбыз 70 пайызга чейин төмөндөйт»,-деди.

Эгер жаңы изилдөөлөрдүн натыйжасында ачылыштар жасалса, бул көрсөткүч дагы да төмөндөй турганын белгилеген министр Дөнмез, Кара деңизде жаратылыш газ чалгындоо иштеринин алгачкы маалыматтарынын оң болгонун айтты.

Дөнмез:«Кара деңиз биз үчүн келечектүү, биз аны дагы жакшы жаңылыктарды бере турган аймак катары көрүп жана баалайбыз. Биринчи маалымат, биздин 540 миллиард куб метр жаратылыш газы боюнча маалыматыбызды жогору карай жаңыртуу керек болушу мүмкүн»,-деди.

«Абдүлхамид Хан» бургулоо кемесинин Жер Ортолук деңизиндеги алгачкы бургулоо иштерин бүтүргөнүн айткан Дөнмез: «Азыр биздин достор бургулоо учурунда алынган маалыматты баалап, талдап жатышат, азырынча так эмес»,-деди.

Чукурова аймагында үчүнчү мунай скважинасынын бургуланганын жана болжол менен 8-10 миллион баррель запас бар экенин баса белгилеген Дөнмез:«Биз мунай затты дээрлик суунун деңгээлинен таптык, бул чоң бакыт. Сапаттуу мунайдын баасы болжол менен 800 миллион долларды түзөт. Ал жерге 10 кудукка чейин чыгабыз, күнүмдүк өндүрүшүбүз жалпысынан миң баррелге чейин жетет»,-деп өз баасын берди.

 



Тектеш кабарлар