Акар Түркиянын Ирак чек арасына барды

Министр Акар борбор калаа Анкарадагы Кургактык күчтөрү командирлигинин операция борборунда түнү бою иштегенден кийин эртең менен чек ара сызыгына өттү.

1911536
Акар Түркиянын Ирак чек арасына барды
hulusi akar sinir.jpg
hulusi akar sinir.jpg
hulusi akar sinir.jpg

Улуттук коргоо министри Хулуси Акар Түрк куралдуу күчтөрүнүн (ТКК) командирлик эшелонунун коштоосунда Ирак чек арасындагы аскерлерди иликтөө жана текшерүү жүргүзүүдө.

Министр Акар борбор калаа Анкарадагы Кургактык күчтөрү командирлигинин операция борборунда түнү бою иштегенден кийин эртең менен чек ара сызыгына өттү.

Акар Башкы штабдын төрагасы, армия генералы Яшар Гүлер, кургактык күчтөрүнүн командири, генерал Муса Авсевер, деңиз күчтөрү командири, адмирал Эржүмент Татлыоглу жана аба күчтөрүнүн командири, генерал Атилла Гүлан менен Хаккаринин Йүксекова районундагы «Селахаддин Эйюби» атындагы аэропортуна конуп, 3-жөө аскерлер дивизиясына өттү.

Министр Акарды коштогон ТКК командирлик эшелону менен чек ара сызыгындагы бөлүктөрдү иликтөө жана текшерүүлөрү уланууда.



Тектеш кабарлар