Хулиси Акар пакистандык командирди кабыл алды

Кабыл алууга Башкы штабдын төрагасы Яшар Гүлер, деңиз күчтөрү командири адмирал Эржүмент Татлыоглу жана министрдин орун басары Мухсин Дере да катышты.

1911268
Хулиси Акар пакистандык командирди кабыл алды

Улуттук коргоо министри Хулуси Акар Пакистан деңиз флотунун командири, адмирал Мухаммед Амжад Хан Ниязини кабыл алды.

Акар президент Режеп Таййип Эрдоган жана Пакистандын премьер - министри Шахбаз Шариф катышкан Стамбул верфинин командирлигинде «Пакистандын MİLGEM (Улуттук кеме) долбоорунун алкагында курулган үчүнчү кемени сууга түшүрүү аземинен» кийин командирлик имаратына барды.

Акар Пакистан деңиз күчтөрүнүн командири адмирал Ниязи менен жолугушту.

Кабыл алууга  Башкы штабдын төрагасы Яшар Гүлер, деңиз күчтөрү командири адмирал Эржүмент Татлыоглу жана министрдин орун басары Мухсин Дере да катышты.



Тектеш кабарлар