Эрдоган - Шериф пресс - жыйыны

Эрдоган Пакистандын терроризм менен күрөшүн колдогондорун баса белгилеп : «Пакистандын кыйынчылыгы биздин кыйынчылыгыбыз, кубанычы, ийгилиги биздин ийгилигибиз»,- деди.

1911266
Эрдоган  -  Шериф пресс  - жыйыны

Президент Режеп Таййип Эрдоган Пакистандын терроризм менен күрөшүн колдогондорун баса белгилеп : «Пакистандын кыйынчылыгы биздин кыйынчылыгыбыз, кубанычы, ийгилиги биздин ийгилигибиз»,- деди.

Президент Эрдоган менен Пакистандын премьер- минисри Шахбаз Шериф Стамбулдагы Вахдеттин сарайында жекеме- жеке жана делегациялар аралык жолугушуулардан кийин биргелешкен пресс-жыйын өткөрүштү.

Эрдоган терең тарыхый, маданий жана адамдык байланыштары менен Пакистандын түрк улутунун жүрөгүндө ар дайым өзгөчө орду бар экендигин белгилеп : «Пакистандын терроризмге каршы күрөшүн колдой турганыбызды дагы бир жолу баса белгилегим келет. Пакистандын кайгысын биздин кайгыбыз, кубанычын кубанычыбыз, ийгилигин ийгилигибиз катары көрөбүз»,- деди.

Эрдоган түзүлгөн аба көпүрөсү жана темир жолу менен гуманитардык жардам материалдарын 15 учак жана 13 жакшылык поезди менен апаат аймактарына жиберишкендерин айтты.

Жолугушууларда эки тараптуу кызматташуу менен бирге күн тартибинде орун алган аймактык жана эл аралык маанилүү темаларда да бирдей пикирде экендерин билдирген Эрдоган : «Боордош Пакистан жана Азербайжан менен үч тараптуу кызматташуубуз да ылдам өнүгүүдө»,- деди.

Пакистандын премьер-министри Шахбаз Шериф да Түркия менен Пакистандын ортосундагы карым - катнаштардын жүздөгөн жылдык достукка негизделгенин белгиледи. Эрдоган Шахбаз Шерифтин урматына расмий сый тамак берди.

Вахдеттин сарайындагы кечки тамак басма сөзгө жабык өттү.



Тектеш кабарлар