Хулуси Акар : "Операцияда ушул кезге чейин 326 террорист таасирсиз абалга келтирилди"

Улутутк коргоо министри Хулуси Акар АК партиянын башкы кеңсесинен чыгып жатып журналисттердин суроолоруна жооп берди.

1910905
Хулуси Акар : "Операцияда ушул кезге чейин 326 террорист таасирсиз абалга келтирилди"

Улутутк коргоо министри Хулуси Акар : "Чеңгел  -  Кылыч операциясы абадан жана кургактыктан аткылоого жардам берген каражаттар менен улантылууда. Ушул кезге чейин 326 террорист таасирсиз абалга келтирилди",- деди. Акар президент,  Адилеттик жана өнүгүү партиясынын лидери Режеп Таййип Эрдогандын жетекчилигиндеги АК партиянын Борбордук чечим жана башкаруу кеңешинин жыйынынан кийин АК партиянын башкы кеңсесинен чыгып жатып журналисттердин суроолоруна жооп берди. "Чеңгел  -  Кылыч" операциясындагы акыркы абалдар боюнча суроого жооп берген Акар : "Терроризмди жок кылуу, мамлекетибиздин, улутубуздун жана чек араларыбыздын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн эмне керек болсо аткардык жана аткарууну улантабыз",- деди. Акыркы мезгилдин эң чоң жана кенен масштабдуу аба операциясы менен башталган "Чеңгел  -  Кылыч" операциясынын ийгиликтүү улантылып жаткандыгын айткан Акар : "Операция абадан жана кургактыктан аткылоого жардам берген каражаттар менен улантылууда. Операцияда ушул кезге чейин 326 террорист таасирсиз абалга келтирилди",- деди. 

Түрк куралдуу күчтөрүнүн Сириянын түндүгүндө "АКШнын байкоочу пунктуна сокку урду " деген доомат боюнча берилген суроого : "Биздин коалиция күчтөрүнө же жарандарга зыян келтирүүбүз сөз да болбойт. Биздин бир гана бутабыз бар ал да террористтер. Террористтер кайда болсо бутабыз ошол жер. Жарандарга, айланага зыян келтирбөө биздин негизги принцибибиз",- деп жооп берди Акар.

Бир журналисттин :  «Сирияда лидерлер деңгээлинде жолугушуу качан болот»,- деген суроосуна жооп берген Акар :"Кичине-чоң,  көптөгөн өнүгүүлөр бар. Булар калыптанат жана ошого жараша жыйынтыктар каралат. Биз окуяларды кылдаттык менен иликтеп жатабыз",- деп жооп берди. 

Президент Режеп Таййип Эрдогандын жетекчилигинде Түркиянын эл аралык субъектиге айланганын баса белгилеген Акар : "Өлкөбүздүн жана улутубуздун укук жана мыйзамдарын  бардык жерде коргойбуз. Муну менен бирге Кипр, Азербайжан жана Ливия сыяктуу дос жана боордош өлкөлөрдүн доолорунда да алардын жанында болууну улантуудабыз",- деп билдирди. 

 

 



Тектеш кабарлар