Калын шейит мугалимдерди эскерип ыр ырдады

Клиптин аягында Ибрахим Калындын шейиттер үчүн атайын жазган ыр саптары да бар.

1910651
Калын шейит мугалимдерди эскерип ыр ырдады

Президенттиктин басма сөз катчысы Ибрахим Калын, 5 жыл мурда Батманда жикчил террордук уюм ПКК террористтеринин кол салуусунда шейит болгон музыка мугалими Айбүке Ялчын жана бардык шейиттердин элесине «Магуса порту» аттуу элдик ырды ырдады.

Калын 24-ноябрь Мугалимдер күнүнө карата ырдаган клибинин башында шейит музыка мугалими Ялчындын «Магуста порту» элдик ырын ырдаган көз ирмемдери жана фотосүрөттөрү орун алды.

Музыкалык режиссер жана чыгарманын композитору Үмит Йылмаз баглама аспабын черткен клипти Кемал Башбуг тартты.

Клиптин аягында Ибрахим Калындын шейиттер үчүн атайын жазган ыр саптары да бар.

Президенттиктин басма сөз катчысы Калын: «Айбүке мугалими музыкант достору менен бирге ырдаган «Магуста порту» элдик ыры анын негизинде бардык шейиттерибиз үчүн кошокко айланды»,-деди.

Калын бул ырды, жаңы муундардын тарбиялануусу үчүн ар кандай курмандыктарды кылган, өмүрүн билимге, илимге, адептүүлүккө, акылмандыкка арнаган мугалимдерге жана мекен үчүн жанын аябаган шейиттерге арнашкандарын айтты.


Этикеткалар: #элдик ырын ырдаган

Тектеш кабарлар