Эрдоган : "Террор менен күрөшүбүздү улантабыз"

Эрдоган мугалимдер күнүнөн улам 81 облустан борбор шаар Анкарага келген мугалимдер менен президенттиктин Бештепе көргөзмө залында тамакта жолугушту.

1910699
Эрдоган : "Террор менен күрөшүбүздү улантабыз"

Президент Режеп Таййип Эрдоган : «Мугалимибизге кол көтөргөндөрдү биз тып тыйпыл кылабыз. Өлкөбүзгө карата террордук коркутуу толугу менен жок болгонго чейин бул күрөшүбүздү улантабыз»,- деди.

Эрдоган мугалимдер күнүнөн улам 81 облустан борбор шаар Анкарага келген мугалимдер менен президенттиктин Бештепе көргөзмө залында тамакта жолугушту.

«Куралдуу күчтөрүбүз  Ирактын жана Сириянын түндүгүндө жүргүзгөн аба операциялары менен кол салуулардын пландалган жана ишке ашырылган террор уяларын жок кылууда»,- деген Эрдоган : «Кайда террорист болсо бул улуттук коопсуздук уюму, полициясы менен аскери менен, коопсуздук күчтөрү менен ал жерде болот. Бүгүн муну айтпайбыз, Габарда да болобуз, Жудиде да, Тендүректе да болобуз, кайда жерде болсо болсун ал жерде болобуз»,- деди.

Президент Эрдоган : "Эгер кимдир – бирөө мугалимибизге кол көтөрө турган болсо биз аны тып тыйпыл кылабыз . Бул мындан ары да ушундай болот. Өлкөбүзгө карата террордук коркунучту толугу менен жок кылынганга чейин үзгүлтүксүз улантабыз. Балдарыбызды 780 миң чарчы километрдин ар бир карышында террор болбогон, террор коркунучу болбогон  Түркияда жашатууда чечкиндүүбүз».

 



Тектеш кабарлар