Эрдоган: «Куба менен көп жылдар бою кызматташтык бекемделген жок, бирок өз ара эрк бар бочу»

Президент Эрдоган Түркияга келген Кубанын президенти Мигель Марио Диас-Канел Бермудезди расмий азем менен тосуп алды.

1910306
Эрдоган: «Куба менен көп жылдар бою кызматташтык бекемделген жок, бирок өз ара эрк бар бочу»

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Түркия Куба менен кызматташтыкты көп жылдар бою бекемдеген жок, бирок өз ара эрки бар экенин айтты.

Президент Эрдоган Түркияга келген Кубанын президенти Мигель Марио Диас-Канел Бермудезди расмий азем менен тосуп алды.

Андан соң бетме-бет жолугушуу өткөргөн Эрдоган менен Бермудез делегациялар ортосундагы жолугушуулардан кийин эки өлкөнүн ортосунда түзүлгөн келишимдерге кол коюу аземине катышты.

Андан кийин өткөрүлгөн биргелешкен маалымат жыйынында Бермудез менен болгон жолугушууда Түркия-Куба карым-катнаштарын бардык тараптан талкуулагандарын айткан Эрдоган: «Ошондой эле биздин кызматташтыгыбызды бекемдөө үчүн күчтүү жана өз ара эркибиз бар экенин көргөнүбүзгө кубанычтабыз. Кубага көп жылдардан бери киргизилген бир тараптуу санкциялар биздин мамилелерибиздин реалдуу потенциалынан төмөн бойдон калышына таасирин тийгизгени айдан ачык»,-деди.

Түркия-Куба соода көлөмүн 200 миллион долларга жеткирүү чечкиндүүлүгүн Бермудез менен ырастагандарын белгилеген Эрдоган: «Бул багытта биз алгач энергетика, туризм, курулуш, айыл чарба, өнүктүрүү, саламаттыкты сактоо жана айлана-чөйрө сыяктуу тармактарда болгон кызматташтыкты өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрүн бааладык. Санкциялардан келип чыккан кыйынчылыктарга карабастан, компанияларыбыздын Кубага болгон кызыгуусу күчөгөнүн көрүп жатабыз»,-деп айтты.

Конок президент Бермудез, өз сөзүндө: «Биз эки өлкөнүн ортосундагы соода-финансылык мамилелерди жана кызматташтыкты мындан ары да диверсификациялоону макулдаштык»,-деди.

Бермудез президент Эрдоганга биотехнология, жаңылануучу энергия, туризм, айыл чарба, мал чарбачылыгы, саламаттыкты сактоо, билим берүү жана маданият тармактарында эки тараптын тең пайдасына карай иш жүргүзүүнү улантууга чечкиндүүлүктөрүн билдиргенин белгиледи.

Президент Эрдоган андан кийин Кубанын президенти Бермудездин урматына расмий сый тамак берди.



Тектеш кабарлар