Алтун : "Террордук пропаганданын эркиндиги болбойт"

Фахреттин Алтун террордук уюмдун пропагандасын жүргүзгөндөр менен катуу күрөштүн жүргүзүлүп жаткандыгын да айтты.

1910652
Алтун : "Террордук пропаганданын эркиндиги болбойт"

Президенттиктин коммуникация башкармалыгынын төрагасы Фахреттин Алтун террордук уюмдар жана колдоочуларынын Түркиянын террор менен күрөшүнө карата кабылдоо операцияларын ишке ашыргандыгына көңүлдөрдү бурду.

Алтун борбор шаар Анкарада президенттиктин коммуникация башкармалыгында Эл аралык  медиа маалымат ассоциациясы (UMED) менен биргеликте уюштурулган Санариптик медиа панелинин ачылышында сөз сүйлөп : "Жалгандын, террордук үгүттүн, жек көрүү жана системалуу жалган маалыматтын эркиндиги болушу мүмкүн эмес. Басма сөз чыныгы мааниде демократиянын жана эркиндиктин кепилдиги. Мунун негизги принциби - жаңылыктар жана маалымат",- деди. 

Фахреттин Алтун террордук уюмдун пропагандасын жүргүзгөндөр менен катуу күрөштүн жүргүзүлүп жаткандыгын да айтты.

 



Тектеш кабарлар