«Чеңгел-кылыч» операциясында 254 террорист жок кылынды

Акар, чек ара тилкесиндеги аскер бөлүктөрүнүн командирлери менен видео конференция өткөрдү.

1909966
«Чеңгел-кылыч» операциясында 254 террорист жок кылынды

Сирия жана Ирактын түндүгүндө жикчил террордук уюм ПКК/ЙПГга каршы абадан операцияда 254 террорист жок кылынды.

Улуттук коргоо министри Хулуси Акар кечинде Түрк куралдуу күчтөрүнүн командирлери менен бирге борбор шаар Анкарадагы Кургактык күчтөрү командирлигинин операция борборуна барды.

Акар, бул жерде чек ара тилкесиндеги аскер бөлүктөрүнүн командирлери менен видео конференция өткөрдү.

Сирия жана Ирактын түндүгүнө карай «Чеңгел-кылыч» аба операциясына токтолгон Акар: «Ушул учурга чейин 471 бутага сокку урулду. 254 террорист да жок кылынды. Бул жерде террористтердин чыга албай калганы анык. Бурчка такалышты анткени азыр алар аскер же жаран дебестен оңду-солду аткылай башташты. Ошондуктан, биз мүмкүн болушунча тезирээк аларды таасирсиз кылышыбыз керек»,-деди.

Аскерлерге кайрылып: «Түркия жана Түрк куралдуу күчтөрү менен оюн ойнолбойт, анын эсебин беришет»,- деген Акар: «Эсеп суроонун убагы келди. Каза болгон шейиттерибиздин, карапайым тургундардын жана аскерлердин, ошол кичинекей балдардын, аялдардын, кыздардын, окуучулардын жана мугалимдердин ар бир тамчы канынын эсебин талап кыласыңар»,-деп айтты.

Улуттук коргоо министри: «Бизде бир гана максат бар. Террористтер. Алар кимдер ПКК, ЙПГ, ПЙД, ДЕАШ», -деди.

Түрк куралдуу күчтөрү 19-ноябрда Сирия жана Ирактын түндүгүндө ПКК/ЙПГга каршы «Чеңгел-кылыч» аба операциясын баштаган.



Тектеш кабарлар