Сүлейман Сойлу кесиптеши Фезер менен жолугушту

Сойлу менен Фезер жолугушуудан кийин биргелешкен билдирүү жасашты.

1909652
Сүлейман Сойлу кесиптеши Фезер менен жолугушту

Ички иштер министри Сойлу, «Чеңгел-Кылыч» аба операциясына байланыштуу: «Чек араны, улутубузду коргоо биздин милдетибиз жана өлкөбүздүн, улутубуздун алдындагы жоопкерчилигибиз. Бул ар бир өлкөнүн жана ар бир элдин мыйзамдуу укугу»,- деди.

Ички иштер министри Сүлейман Сойлу Германиянын ички иштер министри Нэнси Фезер менен борбор шаар Анкарада жолукту.

Сойлу менен Фезер жолугушуудан кийин биргелешкен билдирүү жасашты.

Жолугушууга байланыштуу Сойлу: «Террор менен күрөшүү боюнча орток көз карашыбызды кайрадан карап чыктык. ПКК, DHKP-C, ДЕАШ, Фетуллахчы террор уюму (ФЕТӨ) жана көптөгөн террордук элементтерге байланыштуу баамдообузду ортого салдык. Алар менен биргелешип күрөшүүнүн негизинен адамзатка, дүйнөнүн тынчтыгына жана өлкөбүзгө тиешелүү экенин көрсөттүк»,- деди.

Министр Сойлу, Түркиянын Сирия жана Ирактын түндүгүндөгү операцияларына байланыштуу: «Германияда же Европанын кайсы бир жеринде, дүйнөнүн кандайдыр бир жеринде террордук кол салуу болгондо эмнени ойлосок, айланабыздагы аймагыбыздагы террордук уюмдарга карата да ошондой эле ойлонулушун каалайбыз. Алар биздин айланабызда террор мамлекетин орноткусу келишти жана биз буга жол бере албайбыз. Чек араны жана улутубузду коргоо биздин милдетибиз, өлкөбүздүн, улутубуздун алдындагы жоопкерчилигибиз. Бул ар бир өлкөнүн, ар бир элдин мыйзамдуу укугу»,-деп айтты.

Фезер да Түркиядагы террордук кол салууларда каза болгондордун бар экенин эске салып: «Бул үчүн капа болгонубузду жана көңүл айтуубузду билдирдим. Мындан ары да бул күрөштө Түркия менен тилектештикти уланта турганыбызды белгиледим»,- деди.



Тектеш кабарлар