Казакстандагы шайлоо

Шайлоонун так жыйынтыгы 27-ноябрда жарыяланат деп күтүлүүдө.

1908494
Казакстандагы шайлоо

Түркия Казакстандагы мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоонун тынч өткөнүнө кубанычта экенин билдирди.

Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө: «Казакстан Республикасында 2022-жылдын 20-ноябрында өткөн мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоонун тынч чөйрөдө ийгиликтүү аяктаганына кубанычтабыз»,-деген сөздөр камтылды.

Түркиянын, тамыры терең тарыхый байланыштары жана абдан жакын карым-катнаштары бар Казакстандын коопсуздугуна жана ырааттуулугуна чоң маани бергендиги айтылган билдирүүдө, шайлоонун жыйынтыгынын дос жана боордош казак элине пайдалуу болушу кааланды.

Бир тараптан Казакстандын шайлоо комиссиясынын алдын ала жыйынтыгына караганда, мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоодо Касым Жомарт Токаев добуштардын 81,31 пайызын алып жеңишке жетти.

Өлкөдө 12 миллионго жакын шайлоочу 7 жыл кызмат кыла турган президентти шайлоо үчүн кечээ добуш беришти.

Шайлоонун так жыйынтыгы 27-ноябрда жарыяланат деп күтүлүүдө.



Тектеш кабарлар