Эрдогандан кургактан операция белгиси

Президент Эрдоган Катардан кайтып келе жатып күн тартибине байланыштуу билдирүү жасады.

1908872
Эрдогандан кургактан операция белгиси

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Ирак жана Сириянын түндүгүндө жикчил террордук уюм ПКК/ЙПГга каршы «Чеңгел- кылыч» аба операциясынын бир гана абадан операция менен чектелбестигин айтты.

Президент Эрдоган Катардан кайтып келе жатып күн тартибине байланыштуу билдирүү жасады.

Ирак жана Сириянын түндүгүндө жүргүзүлгөн «Чеңгел-кылыч аба операциясы» тууралуу Эрдоган: «Дайыма айтып келгенимдей, «бир түнү күтүлбөгөн жерден келип калышыбыз мүмкүн» деп бекер айткан эмеспиз. Анткени күтүлгөн, пландалган сааты келери менен да бул кадамдар жасалды. Негизи кечээ кечинде жүргүзүлгөн операция мунун толук көрүнүшү эле»,-деди.

«Чеңгел-кылыч» аба операциясынын бир гана абадан операция менен чектелбестигин баса белгилеген Эрдоган: «Коргоо министрлигибиз менен Башкы штабыбыз чогуу чечет; Биз кеңешебиз, анан ошого жараша кадамдарыбызды жасайбыз»,-деди.

Бул операцияга байланыштуу Америка Кошмо Штаттарынын президенти Жо Байден жана Орусиянын президенти Владимир Путин менен эч кандай сүйлөшүү өткөрбөгөндөрүн баса белгилеген Эрдоган: «Бирок биздин бул аймакта күтүлбөгөн жерден ушундай иштерди жасай аларыбызды Байден да, Путин да билишет. Чындыгында бул окуядагыдай эле, бир түнү күтүлбөгөн жерден келип калышыбыз мүмкүн. Биз уруксат менен иштебейбиз. Эгерде кандайдыр бир кадам таштай турган болсок, аны чечебиз жана ошол кадамды да жасайбыз. АКШ эми биз жөнүндө билиши керек. Билсе керек. Буюрса мындан кийинки процессте ансыз деле абдан маанилүү кадамдарды чечкиндүү түрдө кандай жасай турганыбызды, жасашыбыз керектигин бардыгы көрөт»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар