Эрдоган Токаев менен сүйлөштү
Эрдоган Токаевди куттуктады.
1909038

Президент Режеп Таййип Эрдоган Казакстандын президенти Касым Жомарт Токаев менен телефон аркылуу сүйлөштү.
Президенттиктин Коммуникация башкармалыгынын маалыматына караганда, президент Эрдоган Касым Жомарт Токаевди Президенттик шайлоодогу жеңишинен улам куттуктады.
Шайлоонун жыйынтыгынын дос жана боордош Казакстан үчүн пайдалуу болушун каалаган президент Эрдоган, эки өлкөнүн ортосундагы кеңейтилген стратегиялык өнөктөштүктүн жаңы мезгилде да бекемделип, тереңдей турганына ишенимин билдирди.