Акар: «Өлкөбүздүн коопсуздугуна кастык кылгандардан кылган кылмыштары үчүн жооп беришин сурайбыз»

Акар Ирак менен Сириянын түндүгүндө жайгашкан аймактарда уюштурулган жана террористтер тарабынан база катары колдонулган «Чеңгел-Кылыч Аба Операциясын» борбор шаар Анкарадагы Аскердик Аба күчтөрүнүн операция борборунан күч командирлери менен бирге жетекте

1908341
Акар: «Өлкөбүздүн коопсуздугуна кастык кылгандардан кылган кылмыштары үчүн жооп беришин сурайбыз»

Улуттук коргоо министри Хулуси Акар: «Өлкөбүздүн жана улутубуздун коопсуздугуна кастык кылгандардан кылган кылмыштары үчүн жооп беришин сурадык жана сурайбыз»,- деди.

Акар Ирак менен Сириянын түндүгүндө жайгашкан аймактарда уюштурулган жана террористтер тарабынан база катары колдонулган «Чеңгел-Кылыч аба операциясын» борбор шаар Анкарадагы Аскердик Аба күчтөрүнүн операция борборунан күч командирлери менен бирге жетектеди.

Операция тууралуу маалымат берген Акар: «Террористтердин бункерлери жана үңкүрлөрү талкаланды. Түрк куралдуу күчтөрүбүздүн чеңгелдери дагы бир жолу террористтердин үстүндө болду»,-деди.

«Максатыбыз 85 миллион жараныбыздын жана чек араларыбыздын коопсуздугун камсыз кылуу жана өлкөбүзгө карата жасалган кыянаттык кол салууну кайтаруу»,-деп айткан Акар, түн жарымына карата Ирак жана Сириянын түндүгүндөгү террордук буталарга карата жүргүзүлгөн операциянын кылдаттык менен пландалганын жана ийгиликтүү болгонун баса белгиледи.

Түрк куралдуу күчтөрүнүн бардык иш-аракеттеринде болгондой бул операцияны пландоодо да, ишке ашырууда да күнөөсүз адамдарга жана айлана-чөйрөгө зыян келтирбөө үчүн бардык чараларды көргөндөрүн жана операцияны ошого жараша жүргүзүшкөндөрүн белгилеген Акар: «Террористтерге таандык баш калкалоочу жайлар, бункерлер, үңкүрлөр, туннелдер жана кампалар таамай атылып талкаланды. Биз аларды кылдаттык менен байкап жаттык. Террордук уюмдун штабы делген жерлерге да таамай соккулар урулуп, таш талканы чыгарылды. Бир гана террористтер жана аларга тиешелүү болгон түзүмдөр бутага алынды.

Террорчулардын баш калкалоочу жайлары, бункерлери, уялары жана үңкүрлөрү жер менен жексен кылынды. Түрк куралдуу күчтөрүбүздүн чеңгели дагы бир жолу террористтердин үстүндө болду. 40 жылдан бери өлкөбүздү жана улутубузду кыйнап келген террор балээсинен өлкөбүздү, улутубузду сактап калууга умтулабыз, чечкиндүүбүз жана кудуреттүүбүз.

Биз шейиттерибиздин, бейкүнөө адамдарыбыздын канын эч качан жерде калтырган жокпуз, калтырдадык жана калтырбайбыз! Асыл улутубуздун көкүрөгүнөн чыккан Түрк куралдуу күчтөрүбүз менен өлкөбүздүн жана улутубуздун коопсуздугуна кастык кылгандардын кылган кылмыштары үчүн жооп беришин ушул күнгө чейин сурап келгенбиз жана сурай беребиз»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар