Эрдоган Зеленский менен сүйлөштү

Президент Эрдоган Стамбулда болгон кол салууга байланыштуу  көңүл айткан Зеленскийге ырамат айтты.

1908092
Эрдоган Зеленский менен сүйлөштү

Президент Режеп Таййип Эрдоган кечээ Украинанын президенти Владимир Зеленский менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Президенттиктин коммуникация башкармалыгынан берилген маалыматка караганда сүйлөшүүдө Россия  - Украина согушу жана дан коридоруна байланыштуу абалдар талкууланды. Президент Эрдоган сүйлөшүүдө дан экспортуна байланыштуу Стамбул келишиминин узартылышына карата мамилеси үчүн Украинанын президенти Зеленскийге ыраазычылык билдирди. 

Эрдоган  дан келишими жана туткун алмашуу боюнча  тажрыйба топтошкондорун, бул түшүнүктү ок атышпоо жана сүйлөшүүдө да кеңейтүүнүн баары үчүн пайдалуу болорун белгиледи.

Президент Эрдоган Стамбулда болгон кол салууга байланыштуу  көңүл айткан Зеленскийге ырамат айтты.

 

 

 



Тектеш кабарлар