Чавушоглу : "Глобалдык маселелер жаматтык аракетти керек кылат"

Саясатчылар катары көп тараптуу бир саясат жүргүзүүнүн өздөрү үчүн мажбурдуулук экендигин айткан Чавушоглу : «Глобалдык маселелер жамааттык аракетти керек кылат»,- деди.

1908190
Чавушоглу : "Глобалдык маселелер жаматтык аракетти керек кылат"

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу глобалдык маселелердин жамааттык аракеттерди керек кылгандыгын айтты. Чавушоглу Стамбулда өткөн Эл аралык саясий партиялар конференциясынын Башкы ассамблеясынын  11 -  жыйынында  берилген кечки тамакта сөз сүйлөдү.

Учурдагы глобалдашуудан улам жергиликтүү маселелердин да глобалдык абалга айлангандыгын жана барган ар бир өлкөдө окшош маселелерден сөз болгондугун белгилеген Чавушоглу : «Жогорулаган инфляция, энергетика кризиси, мыйзамсыз миграция... Камбоджадан Казакстанга чейин жалпы дүйнөдө бөлүшүлгөн тынчсыздануулар»,- деди.

Чавушоглу : «Дүйнөнүн бир тарабында кагылышуулар болуп жатканда дүйнөнүн бир тарабында тынчтык жана бейкуттук ичинде жашай албайбыз. Сирия, Ливия же Афганистандагы кагылышуулардын Европа калкына кандай таасир тийгизгендигин эске салыңыздар»,- деди.

Азыркы учурда Европада болгон согуштун Азия жана Латын Америка сыяктуу дүйнөнүн бардык жерин таасири астына алгандыгын айткан Чавушоглу азыр да кагылышуулардын улантылып жаткандыктан пессимист болуу үчүн көптөгөн себептин бар экендигин белгиледи.

Саясатчылар катары көп тараптуу бир саясат жүргүзүүнүн өздөрү үчүн мажбурдуулук экендигин айткан Чавушоглу : «Глобалдык маселелер жамааттык аракетти керек кылат»,- деди.

Министр Чавушоглу Түркиянын дүйнөнүн бардык жеринде аткарган ортомчулук ролунун дүйнөнүн тынчтыгына кошкон салымын баса белгиледи.

Дан келишиминин глобалдык азык  - түлүк коопсуздугуна кошкон салымды баа индексиндеги төмөндөө менен мисал келтирген Чавушоглу процесстин абдан кыйын экендигин айтты.

Түркиянын Азиянын кайрадан жогорулашынан абдан кубанычтуу экендигин айткан Чавушоглу көптөгөн аймактык уюм менен кызматташуунун улантылып жаткандыгын билдирди.



Тектеш кабарлар