Террорист Албаширдин түшүндүрмөсү

13-ноябрда Стамбулдун Истиклал көчөсүндө 6 кишинин каза болушу жана 81 кишинин жаралануусу менен болгон кол салууга байланыштуу Стамбул Башкы прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн тергөө иштери уланууда.

1907471
Террорист Албаширдин түшүндүрмөсү

Бейоглуна кол салган террорист Ахлам Албашир түшүндүрмөсүндө жикчил террор уюму ПКК/ПЙДга кантип кошулганын түшүндүрдү.

13-ноябрда Стамбулдун Истиклал көчөсүндө 6 кишинин каза болушу жана 81 кишинин жаралануусу менен болгон кол салууга байланыштуу Стамбул Башкы прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн тергөө иштери уланууда.

Кол салууну ишке ашырган 23 жаштагы Ахлам Албашир полиция бөлүмүндөгү түшүндүрмөсүндө 2017-жылы жигити аркылуу террордук уюм ПКК/КЖК/ПЙД/ЙПГ менен таанышканын, бир аз убакыт өткөндөн кийин анын изин жоготконун жана аны менен жолуга албай калганын, бирок уюм менен байланышын улантканын айтты.

Ошол эле учурда Стамбулдун Эсенлер шаарындагы террорист Ахлам Албашир менен качкан шектүү Билал Х. бирге турган устакананын ээси Ферхат Х. да террордук уюм менен байланышы бар экени аныкталды.

Ферхат Хнын социалдык медиа эсебинен террор пропагандасын жасаганы жана уюмдун көрсөтмөсү менен Ахлам Албашир менен Билал Хды үйүндө коноктогону белгилүү болду.



Тектеш кабарлар