Эрдоган G20 саммити тууралуу өз билдирүүсүн бөлүштү
Эрдоган билдирүүсүндө, Түркиянын желеги менен Чоң жыйырмалыктын лидерлер саммитиндеги жолугушууларынан көрүнүштөрдү камтыган видеого да орун берди.
Индонезияда өткөрүлгөн Чоң жыйырмалыктын лидерлер саммитинен кийин өлкөгө кайтып келген президент Режеп Таййип Эрдоган, Түркиянын Чоң жыйырмалыкка салым кошууну уланта турганын айтты.
Президент Эрдоган социалдык тармактагы билдирүүсүндө: «Чоң жыйырмалыктын лидерлер саммитинен улам Индонезияга болгон иш сапарыбызды аяктагандан кийин өлкөбүзгө кайтып келдик. Түркия глобалдык деңгээлдеги кыйынчылыктарга каршы лидерлик ролун ийгиликтүү аткарып жаткан G20га өз салымын кошууну улантат»,-деди.
Эрдоган билдирүүсүндө, Түркиянын желеги менен Чоң жыйырмалыктын лидерлер саммитиндеги жолугушууларынан көрүнүштөрдү камтыган видеого да орун берди.
Чоң жыйырмалыктын лидерлеринин быйылкы 17-саммити “Биргеликте калыбына келүү – күчтүү калыбына келтирүү” темасы менен Индонезиянын Бали аралында 15-16-ноябрь күндөрү өттү.