Акар Финляндиянын "Helsingin Sanomat" гезитине маалымат берди

Анкара, берилген убадалардын аткарылышын күтүп жатат.

1907599
Акар Финляндиянын "Helsingin Sanomat" гезитине маалымат берди

Улуттук коргоо министри Хулуси Акар, НАТОго мүчө болуу үчүн арыз берген Финляндия менен Швециянын Түркиянын коопсуздук тынчсыздануусун түшүнүүсүн жана 28-июнда Испаниянын Мадрид шаарындагы НАТО саммитинде макулдашылган кадамдарды таштоосун күтүшкөндөрүн белгиледи.

Акар Финляндиянын Helsingin Sanomat гезитине берген маегинде террорго каршы күрөш жана Финляндия менен Швециянын НАТОго мүчөлүгү тууралуу билдирүү жасады.

Түркиянын көптөгөн жылдардан бери ар түрдүү террордук уюмдар менен бир убакта күрөшүп келе жаткан жалгыз НАТО өлкөсү экенин, Ирак менен Сирияда чындыгында террорго жана мыйзамсыз миграцияга каршы Европа менен НАТОнун чек араларын коргонуна басым жасаган министр Акар: «Финляндиянын Орусия менен 1340 чакырымдык кургактык чек арасы бар. Эгер бул чек арага кол салуу болсо, Финляндия НАТОнун курамында турганда бул чек аралардын корголушу Түркиянын да милдети болот. Ошондуктан Финляндия менен Швеция бул жоопкерчиликти алуубузду каалап жатканда, бизге карата коопсуздук коркунучтарын да түшүнүп кызматташтык түзүшү керек. Финляндия менен Швециянын Түркиянын коопсуздук тынчсыздануусун түшүнүүсүн жана Мадрид келишиминде убада кылынган кадамдарды ташташын күтөбүз»,-деп айтты.

Акар Швециянын премьер-министри жана тышкы иштер министринин «ЙПГ-ПЙДнын ПКК менен органикалык, иерархиялык жана финансылык жактан байланышы бар» деген сөздөрүнүнө канааттангандарын белгилеп, Финляндия өкмөтүнөн да ушундай билдирүү күтүшкөнүн маалымдады.

Түркия 28-июнда Испаниянын Мадрид шаарында өткөн НАТО саммитинде мүчөлүк үчүн арыз берген Финляндия менен Швецияга вето койду. Террордук уюмдарга ачык колдоо көрсөткөн Копенгаген жана Стокгольм менен протоколго кол койгон Анкара, берилген убадалардын аткарылышын күтүп жатат.



Тектеш кабарлар