Террор менен күрөшүү уланып жатат
Улуттук коргоо министрлигинен операция тууралуу маалымат берилди.
1906479

Ирактын түндүгүндө жүргүзүлгөн «Чеңгел-Кулпу» операциясы аймагында жикчил террордук уюм ПККдан эки террорист жок кылынды.
Улуттук коргоо министрлигинин билдирүүсүндө,«Түрк куралдуу күчтөрүбүз террордук уяларды жер менен жексен кылууну улантууда. Ирактын түндүгүндөгү «Чеңгел-Кулпу» операциясы аймагындагы Запта аныкталган 2 ПКК террористи абадан операция менен таасирсиз кылынды»,деген маалыматтар камтылды.
УКМнын башка билдирүүсүндө Сириянын түндүгүндөгү Тынчтык булагы аймагында ПКК/ЙПГге мүчө 6 террористтин таасирсиз абалга келгени билдирилди.
Кечээ 4 террорист жок кылынган аймакта акыркы эки күндө жок кылынган террорист саны 10го жетти.
Билдирүүдө, «Мехметчик террористтерди казган аңдарына көмүүнү улантат»,деген сөздөр камтылган.