Эрдоган, адамзаттын саламаттык сактоо саясаттары жагынан чечкиндүүлүккө муктаж экенин айтты

Эрдоган Индонезиянын Бали аралында Чоң жыйырмалыктын лидерлер саммитинин алкагында өткөрүлгөн «Ден соолук» отурумунда сөз сүйлөдү.

1906733
Эрдоган, адамзаттын саламаттык сактоо саясаттары жагынан чечкиндүүлүккө муктаж экенин айтты

Президент Режеп Таййип Эрдоган, адамзаттын саламаттык сактоо саясаттары жагынан саясий лидерликке жана чечкиндүүлүккө муктаж экенин айтты.

Эрдоган Индонезиянын Бали аралында Чоң жыйырмалыктын лидерлер саммитинин алкагында өткөрүлгөн «Ден соолук» отурумунда сөз сүйлөдү.

Жаңы типтеги коронавирус эпидемиясынын глобалдык саламаттык сактоо системасынын институционалдык, финансылык жана укуктук жактан жетишсиздигин ачыкка чыгарганына көңүл бурган Эрдоган, глобалдык саламаттык сактоо системасын күчтөндүрүүнүн жолун Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо Уюмунун борбордук ролун күчтөндүрүү экенин айтты.

Эрдоган келечекте башыбыздан өткөрө турган эпидемияларга каршы бүтүндөй бир көз-карашты өнүктүрүү керектигин баса белгиледи.

«Эпидемиялык процесстен чыгарыла турган дагы бир маанилүү тыянак - бул дүйнө сыноо, дарылоо жана вакциналар сыяктуу каршы чараларды көрүү жагынан жетишсиз»,-деп айткан Эрдоган Түркиянын эпидемия процессинде адам борборлуу мамилеси менен глобалдык аракеттерге активдүү салым кошконун эске салды.

Эпидемия менен күрөшүүнүн алкагында 161 өлкөгө жана 12 эл аралык уюмга жардам бергендерин жана 19 өлкөгө 6,3 миллион дозадан ашык вакцинаны белек кылгандарын эске салган Эрдоган, Түркиянын TÜRKOVAC вакцинасы менен өз муктаждыктарын канааттандыруудан тышкары да өткөнүн баса белгиледи.

Түркиянын күчтүү жана заманбап саламаттыкты сактоо инфраструктурасы аркылуу жарандары менен бирге Түркияга шыпаа издегендерге биринчи деңгээлдеги саламаттык сактоо тейлөөлөрүн көрсөткөнүн белгилеген Эрдоган: «Адамзат саламаттыкты сактоо саясаты жагынан да саясий лидерликке жана чечкиндүүлүккө муктаж. Бул жагынан G20 негизги ролго ээ»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар