Стамбулдагы жардыруу ата менен кыздын өмүрүн алды
Адана облустук үй-бүлө жана социалдык кызматтар директорлугунда иштеген Юсуф Мейдан жана анын үй-бүлөсү Стамбулдун Истиклал көчөсүндө баратканда чыккынчылык менен кол салууга дуушар болушту.
Стамбулдун Истиклал көчөсүндө болгон теракт атасы менен 9 жаштагы кызын өмүрүнөн ажыратты.
Адана облустук үй-бүлө жана социалдык кызматтар директорлугунда иштеген Юсуф Мейдан жана анын үй-бүлөсү Стамбулдун Истиклал көчөсүндө баратканда чыккынчылык менен кол салууга дуушар болушту.
Террордук кол салууда 34 жаштагы атасы менен 9 жаштагы кызы Эжрин каза болду.
Жабыркаган эне ооруканада дарыланууда.
Атасы менен кызы Аданада боло турган жаназа зыйнатынан кийин жерге берилет.
Үй-бүлө жана социалдык кызматтар министри Деря Янык социалдык медиа эсебинен билдирүүсүндө: «Стамбулдагы чыккынчылык кол салуу тууралуу ачуу кабар жүрөгүбүздү өрттөдү. Кесиптешибиз Юсуф Мейдан менен кызы Эжринден айрылдык. Үй-бүлөсүнө, жакындарына жана кесиптештерине көңүл айтабыз»,-деди.