Президент Эрдоган Стамбулдагы жарылуу тууралуу маалымат берди
Президент Эрдоган Индонезияга кетер алдында борбор шаар Анкарада маалымат жыйын өткөрдү.
Президент Режеп Таййип Эрдоган Стамбулдун Истиклал көчөсүндө болгон жардыруудан 6 кишинин каза болгонун, 53 кишинин жараланганын билдирди.
Президент Эрдоган Индонезияга кетер алдында борбор шаар Анкарада маалымат жыйын өткөрдү.
Эрдоган Истиклал көчөсүндө болгон жардыруудан 6 кишинин каза болгонун, 53 кишинин жараланганын билдирди.
Азырынча тактала элек алгачкы тыянактардын террордук кол салууга ишарат кылганын айткан Эрдоган, окуяда «аялдын ролу» болгонун да билдирди.
Президент:"Улутубуз окуянын күнөөкөрлөрү татыктуу жазасын аларына ишениши керек. Мамлекетибиздин тиешелүү бөлүмдөрү бул чыккынчылык чабуулдун күнөөкөрлөрүн жана анын артында турган адамдарды ачуу иштерин улантууда",-деп айтты.
Истиклал көчөсүндө Түркия убактысы боюнча саат 16.20да жарылуу болуп, аймакка көп сандаган тез жардам унаасы жана өрт өчүрүүчүлөр жөнөтүлдү.