ПККнын 5 террористи багынды

Бул тууралуу маалыматты Улуттук коргоо министрлиги билдирди.

1905514
ПККнын 5 террористи багынды

Ирактын түндүгүндө жүргүзүлгөн "Чеңгел    - Кулпу" операциясында бир үңкүрдө аныкталган ПКК террордук уюмунун 5 мүчөсү багынды. 

Улуттук коргоо министрлигинен берилген маалыматта : "Түрк аскери багынгандарга эч качан зыянын тийгизбейт! "Чеңгел - Кулпу" операциясы менен кысмакка алынган ПККда ыдыроо ылдамдады. Бир канча күн мурда багынган 2 террористтен кийин бир үңкүрдө аныкталган 5 террорист дагы багынды",- деп билдирилди. 

Маалыматта акыркы 10 күндө 7 террористтин түрк куралдуу күчтөрүнө багынгандыгы эске салынып : "Мехметчиктерибиздин (аскерлерибиздин) демин желкесинде сезген террористтер үчүн Зап туңгуюк  жол. Террористтер үчүн чыга турган бир гана жол түрк адилеттигине багынуу болот",- деп айтылды. 

 

 



Тектеш кабарлар