Октай: «Кипрдеги куралдануу эч кимге пайда алып келбейт»

Фуат Октай Түндүк Кипр Түрк Республикасынын (ТКТР) Байрак радио телекөрсөтүүсүндө (BRT) катышкан программада күн тартибине байланыштуу баа берди.

1904659
Октай: «Кипрдеги куралдануу эч кимге пайда алып келбейт»

Вице-президент Фуат Октай Чыгыш Жер Ортолук деңизинде жана Кипрде куралдануунун эч кимге пайда алып келбей турганын айтты.

Фуат Октай Түндүк Кипр Түрк Республикасынын (ТКТР) Байрак радио телекөрсөтүүсүндө (BRT) катышкан программада күн тартибине байланыштуу баа берди.

Эмбарголор жана аралдын куралсыздануусуна карата статусту жокко чыгарууга багытталган аракеттерди жакындан байкап жатышканын белгилеген Октай: «Чыгыш Жер Ортолук деңизинде жана Кипрде куралдануу эч кимге пайда алып келбейт. Өзгөчө бул Түндүк Кипр Түрк Республикасынын жана түрк элинин коопсуздугуна тиешелүү болсо, биздин кепилдигибиз коопсуздуктан башталат. Албетте экономикалык, социалдык, маданий жана берки бардык тармактардагы иш-аракеттерибиз уланат»,-деп айтты.

Октай түрк улутунун коркутуу менен иш кылбай турганын америкалыктар да, гректер да жакшы билишкенин айтып: «Мындай куралдануу жарыштары Түркиянын Түндүк Кипр Түрк Республикасына, мамлекеттин жана бул жердеги ар бир боордошубуздун коопсуздугу темасында чечкиндүүлүгүн арттырууда. Биз эч нерседен тайсалдабайбыз»,-деди.

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) менен бирге тийиштүү мамлекеттердин мүмкүн болушунча эртерээк чындыкты түшүнүшү жана аралдын куралдуу эмес, куралсыз болушунун эки коомчулукка тең пайдалуу болоорун көрүшү керектигин баса белгилеген Фуат Октай, аталган мамлекеттердин саясаттарын ошого жараша аныктоолорун каалашкандарын айтты.

Вице-президент Кипрге байланыштуу үстөлдөгү сунуштун мындан ары эгемендүү тең статуска ээ эки мамлекеттүү чечим экенин жана башка эч бир сунуштун алар үчүн чечим болбогонун баса белгилеп, бул маселе боюнча эми Бириккен Улуттар Уюмунан эч нерсе күтпөгөндөрүн билдирди.



Тектеш кабарлар