Парламент төрагасы Шентоп Швецияны эскертти

Шентоп Швециянын премьер-министри Ульф Кристерссон жана аны коштогон делегацияны парламентте кабыл алды.

1903809
Парламент төрагасы Шентоп Швецияны эскертти

Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын (TBMM) төрагасы Мустафа Шентоп, Швециянын НАТОго мүчөлүк процесси тууралуу: «Швециянын коопсуздугу Түркиянын коопсуздугу аркылуу өтөөрүн унутуп коюу карама-каршылыктуу болмок»,-деди.

Шентоп Швециянын премьер-министри Ульф Кристерссон жана аны коштогон делегацияны парламентте кабыл алды.

Шентоп, Швеция өкмөтүнүн үч тараптуу түшүнүшүү меморандумунун алкагында кол коюлган милдеттенмелерге баш ийебиз деген билдирүүлөрүн кубаныч менен кабыл алгандарын белгилеп: «Меморандумда жазылган милдеттенмелер так жана ачык. Меморандум бизге жол картасын сунуштайт. Бул жол картасы боюнча жылыштар болгон жерлер бар; биз аларды оң деп эсептейбиз. Мисалы, коргонуу өнөр жайындагы чектөөлөрдү алып салуу Швециянын НАТОго мүчөлүгүнө биздин парламенттин баалоосунда позитивдүү орунду ээлейт. Бирок, али жасала турган көп кадамдар бар экендигин моюнга алуу керек»,-деп өз баасын берди.

Шентоп айрыкча террор менен күрөшүүдө конкреттүү жана чечкиндүү кадамдарга муктаждык бар экенин баса белгилеп: «Өлкөңүздө ПКК/ПЙД/ЙПГ, ФЕТӨ жана DHKP-Cнин үгүттөө, каржылоо жана жалдоо иш-чаралары уланууда. Экстрадициялоо талабыбызга байланыштуу эч кандай жылыш болгон жок. Швециянын конкреттүү кадамдарды таштоосун жана бул террористтердин иш-аракеттерине чекит коюусун күтөбүз»,-деп айтты.

Түркиянын НАТОнун кеңейүү саясатына, ошондой эле Швеция менен Финляндиянын мүчөлүгүнө эч кандай жаман ойлобостон жана принципиалдуу түрдө оң мамиледе экенин белгилеген Шентоп, сөзүн төмөнкүдөй улантты: «Өлкөңүздүн коопсуздугун чыңдоо үчүн НАТОго мүчө болгуңуз келет. Биз болсо Түркия катары дал ушул себеп менен НАТОнун мүчөсүбүз. Азыркы дүйнөдө бирдиктүү кеме сыяктуу бир өлкөнүн коопсуздугу экинчи өлкөнүн коопсуздугу аркылуу өтүп жатат.

Айрыкча НАТО альянсы болгон учурда союздаштар өздөрүнүн коопсуздугун башкалардын коопсуздугу менен бирдейлештирүүлөрү керек. Швециянын коопсуздугу Түркиянын коопсуздугунан өткөнүн унутуп коюу карама-каршылык болмок.

Түркиянын НАТОго карата артыкчылыктуу абалын эске салгым келет. Түркия НАТОнун эки эң чоң аскерий державасынын бири жана НАТОну 70 жылдан бери туруктуу жана күчтүү кылып келген эки өлкөнүн бири.

Түркия көптөгөн Европа өлкөлөрү сыяктуу эле НАТОнун ичинде коопсуздук колдоосун алган эмес, символикалык салым кошкон эмес, коопсуздук колдоосун көрсөткөн өлкө. Ушул себептен НАТО сөзүндө жана чечиминде эң маанилүү өлкөлөрдүн бири. Биздин жакшы ниеттерибиз ишке ашат».



Тектеш кабарлар