Алтун: "Азербайжандын үнү болууну улантабыз"

Фахреттин Алтун «Карабах жеңиши конференциясы: Эркиндикке жеткен байыркы мекен» программасына катышты.

1903793
Алтун: "Азербайжандын үнү болууну улантабыз"

Президенттиктин Коммуникация башкармалыгынын башчысы Фахреттин Алтун: «Түрк дүйнөсү катары биримдик руху менен азербайжандардын үнү болууну улантабыз»,-деди.

Фахреттин Алтун борбор шаар Анкарада Президенттиктин Коммуникация башкармалыгынын жыйындар залында Азербайжандын президентинин кеңешчиси Хикмет Гажыевдин катышуусунда өткөрүлгөн «Карабах жеңиши конференциясы: Эркиндикке жеткен байыркы мекен» программасына катышты.

Алтун бул жерде сүйлөгөн сөзүндө Карабах жеңишинин жылдыгында чогулуп, конференцияны өткөрүп жаткандарына абдан кубанычта экендиктерин баса белгилеп: «Биз бүгүн Карабах жеңишинин 2 жылдыгын ар-намыс жана даңк менен белгилеп жатабыз. Боордош Азербайжандын армян баскынчылыгы астындагы жерлерди бошотуу үчүн жүргүзгөн боштондук күрөшү тарыхта алтын тамгалар менен жазылган куттуу жеңиш менен даңазаланды»,-деп айтты.

Түркиянын Азербайжанды Экинчи Карабах согушунда жалгыз калтырбаганын билдирген Алтун, президент Режеп Таййип Эрдоган менен Азербайжандын президенти Илхам Алиевдин жетекчилигинде «эки мамлекет, бир улут» урааны боюнча ийиндеше турушкандарын баса белгиледи.

Карабах жеңишинин бүткүл түрк дүйнөсүнүн, өзгөчө Азербайжан менен Түркиянын боордоштук белгилеринин арасында орун алганын айткан Алтун, Карабах жеңишин алып келген күрөштө саясий, аскерий, социалдык колдоо жана маалымат жагынан да олуттуу кызматташтык жүргүзүлгөнүнө көңүл бурду.

Фахреттин Алтун: «Азербайжандын 28 жылдык адилеттүү күрөшү жана жеңиши ошондой эле Карабах эли дуушар болгон зомбулуктар көз жаздымда калып жатат. Бул абал Карабахта жеңишке жеткенибиз менен, маалымат тармагындагы ишибиз аягына чыга электигин көрсөтөт.

Бүткүл Түрк дүйнөсү катары биримдик руху менен Азербайжан доосунун үнү болууну улантабыз. Биз бул жалган маалымат жана каралоо үгүттөөлөрүнө жол бербейбиз. Азербайжандын татыктуу жеңишине көлөкө түшүрбөйбүз»,-деди.



Тектеш кабарлар