«Эрен блокада күз-кыш-11 операциясы» башталды

Операцияга 615 коопсуздук кызматкери катышууда.

1903115
«Эрен блокада күз-кыш-11 операциясы» башталды

Шырнакта жикчил террордук уюм ПККга каршы «Эрен блокада күз-кыш-11 операциясы» башталды.

Ички иштер министрлигинен берилген маалыматка караганда, террордук уюм ПККны өлкөнүн күн тартибинен чыгаруу жана аймакта баш калкалаган террористтерди таасирсиз кылуу максатында Шырнакта жаңы операция башталды.

«Эрен блокада күз-кыш-11 шейит жандармерия лейтенанты Исмаил Жан Акдениз операциясына» 615 коопсуздук кызматкери катышууда.

Операциянын биринчи күнүндө Шырнактын борбордук районундагы Жуди тоосунун элет жеринде жүргүзүлгөн тинтүү иштеринде 11 баш калкалоочу жай жана 10 үңкүр аныкталды.

Бункерлерде жана үңкүрлөрдө ок-дарылар, жарылуучу заттар, тамак-аш жана тиричилик буюмдары колго түшүрүлдү.



Тектеш кабарлар