УКМ Мехметчиктин (түрк аскери) операцияга бара жаткан видеосун бөлүштү
Улуттук коргоо министрлигинин (УКМ) Твиттер эсебинен бөлүшүлгөн көрүнүштөр.

Улуттук коргоо министрлиги (УКМ) Мехметчиктин (түрк аскери) операцияга бара жаткан видеосун бөлүштү.
УКМнын Твиттер эсебинен бөлүшүлгөн көрүнүштөрдө «Мен түрк аскеримин, мен ар дайым бардык жердемин» деген жазуусу жана «Ар тоонун башында Мехметчик» деген хэштег менен бир аскер жолдошторуна: «Баатыр десанттар, менин баатыр жолдошторум! Бүгүн абдан маанилүү бир операцияга катышабыз.Операция аймагында.Бизди куралдаштарыбыз күтүп жатат.Энелерибиздин жана түрк улутунун дубасы менен күрөшүбүз акыркы террорист жок кылынганга чейин уланат. Десанттар, ийгилик!»-деп үн катат.
Андан соң кадрларда Мехметчинин тик учак менен операция аймактарына жеткирилиши жана операция аймагындагы иш-аракеттери ырчы Каяхандын «Бир сүйүү баяны» аттуу ырынын коштоосунда көрсөтүлүүдө.
Тектеш кабарлар

Тышкы иштер министрлигине 9 өлкөнүн элчилери чакырылды
Түркия 9 өлкөнүн элчилерин Тышкы иштер министрлигине чакырды.