Тышкы иштер министри Чавушоглу эки тараптуу жолгушууларды өткөрүүдө

Чавушоглу Твиттердеги баракчасында эфиопиялык кесиптеши Меконнен менен жолушканын белгиледи.

1902595
Тышкы иштер министри Чавушоглу эки тараптуу жолгушууларды өткөрүүдө
Ayman Safadi-Cavusoglu.jpg
Borrell-Cavusoglu.jpg
Demeke Mekonnen-Cavusoglu.jpg

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Сир Бани Яс форумуна катышуу үчүн барган Бириккен Араб Эмирликтеринде (БАЭ) эки тараптуу жолугушууларды өткөрүүдө.

Чавушоглу Иорданиянын тышкы иштер министри Айман Сафеди, Эфиопиянын вице-премьер-министри жана тышкы иштер министри Деуме Меконнен жана Европа Биримдигинин (ЕБ) тышкы байланыштар жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү Жозеп Боррелл менен өз-өзүнчө жолугушту.

Чавушоглу Твиттердеги баракчасында эфиопиялык кесиптеши Меконнен менен жолушканын белгилеп : "Эфиопиядагы кагылышууларды акырына чыгарган  ок атышууну токтотуу келишиминен канааттанганыбызды баса белгиледик"- деди.

Боррел менен да жолукканын белгилеген Чавушоглу, Украина жана Чыгыш Жер Ортолук деңизи баш болгон аймактык абалдарды сүйлөшкөндөрүн белгиледи.

Министр Чавушоглу Сир Бани  Яс форумунда иорданиялык кесиптеши Сафади менен жолугушканын маалымдап : "Эки тараптуу карым - катнаштарыбызды жана палестиналык боордошторубуздун абалын карап чыктык", - деди.

 



Тектеш кабарлар