Эрдоган билим берүү саммитине видео билдирүү менен кайрылды

Эрдоган : «Максатыбыз өлкөбүздү  өнүктүрө турган, дүйнөдө сөз ээси кыла турган, камсыздалган, окуган, изилдеген, кошумча нарк өндүргөн ийгиликтүү, адептүү, жаштарды тарбиялоо»,- деди.

1902075
Эрдоган билим берүү саммитине видео билдирүү менен кайрылды

Президент Режеп Таййип Эрдоган : «Максатыбыз өлкөбүздү  өнүктүрө турган, дүйнөдө сөз ээси кыла турган, камсыздалган, окуган, изилдеген, кошумча нарк өндүргөн ийгиликтүү, адептүү, жаштарды тарбиялоо»,- деди.

Президент Эрдоган 2-Стамбул билим саммитине жиберген видео билдирүүсүндө : «Биз балдарыбыздын кандай деңгээлде болбосун дени сак, ийгиликтүү жана жемиштүү билим алуусуна маани беребиз. Бул түшүнүк менен биз билим берүү инфраструктурасын жакшыртуудан баштап, педагогикалык курамды чыңдоого, жаңы ыкмаларды практикага киргизүүгө жана окуучулардын билимин өркүндөтүүгө чейин көптөгөн багыттар боюнча изилдөөлөрдү жүргүзүп жатабыз»,- деди.

«Биздин максат – өлкөбүздү өнүктүрө турган, дүйнөдө өз сөзүн айта ала турган, камсыздалган, окуган, изилдеген, кошумча нарк өндүргөн ийгиликтүү, адептүү жаштарды тарбиялоо»,- деген Президент Эрдоган буларды айтты : "Түркия катары муну "TEKNOFEST" мууну деп атайбыз. Биз келечегибизди академиялык жактан гана эмес, руханий жактан да тапшыра турган бул муунду тарбиялоо үчүн мамлекетибиздин бардык мүмкүнчүлүктөрүн мобилизациялоодобуз. Өлкөбүздө буларды аткарып жатып, дос жана боордошторубузду унутпайбыз, билим берүү тармагындагы тажрыйбаларыбызды бөлүшүүгө аяр мамиле кылабыз».

 

 

 



Тектеш кабарлар