Чавушоглудан дан коридору боюнча дипломатиялык алакалар...

Министрликтен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта Чавушоглу менен Гутеррештин дан коридоруна байланыштуу акыркы абалдарды талкуулаганы,ошондой эле Лавров жана Кулеба менен сүйлөшкөнү белгиленди.

1901532
Чавушоглудан дан коридору боюнча дипломатиялык алакалар...

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) баш катчысы Антониу Гутерриш, Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров жана Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба менен телефон аркылуу сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Министрликтен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта Чавушоглу менен Гутеррештин дан коридоруна байланыштуу акыркы абалдарды талкуулаганы белгиленди.

Анда Чавушоглунун Гутерришке Түркиянын президент Режеп Таййип Эрдогандын жетекчилигиндеги дан келишиминин кайра ишке кириши үчүн жасаган демилгелери тууралуу маалымат бергени маалымдалды.

Ошондой эле БУУнун баш катчысынын Түркияга дан коридорунун кайрадан ачылышындагы аракети үчүн ыраазычылык билдиргени жана жыйынтыктан чоң канааттанганын билдиргени белгиленди.

Билдирүүдө Чавушоглу Лавров жана Кулеба менен болгон сүйлөшүүлөрүндө дан коридоруна байланыштуу акыркы абалдардын талкууланганы да белгиленди.

Глобалдык азык-түлүк кризисинин чечилиши үчүн Түркиянын координациясында ишке ашырылган эгин ташуу келишимине 22-июлда Стамбулда президент Режеп Таййип Эрдогандын жетекчилигинде Украина, Орусия, Түркия жана Бириккен Улуттар Уюмунун ортосунда кол коюлган.

Орусия 29-октябрда Украинадан дан азыктарын экспорттоо боюнча келишимди токтотконун жарыялады.

Орусиянын Тышкы иштер министрлиги Украинаны эгин экспорттоо үчүн түзүлгөн гуманитардык коридордон пайдаланып, Орусиянын Кара деңиз флотунун Севастополдогу аскер-деңиз базасындагы кемелерине жана инфраструктурасына учкучсуз учуучу аппараттар ​​менен абадан жана деңизден чабуул жасаган деп айыптаган.

Президент Эрдоган дан коридору мурдагыдай ачылганын кечээ жарыялады.

Орусиянын Коргоо министрлиги тарабынан жасалган билдирүүдө «Москва алган кепилдиктерди жетиштүү деп тапканы жана орус администрациясынын дан келишимине катышууну улантаары» айтылды.



Тектеш кабарлар