АКШ Түркияга «дан коридору» үчүн ыраазычылык билдирди

АКШнын Мамлекеттик департаментинин басма сөз катчысы Нед Прайс Орусиянын Кара деңиз дан демилгеси келишимине кайтуудагы ролу үчүн Түркияга ыраазычылык билдирди.

1901428
АКШ Түркияга «дан коридору» үчүн ыраазычылык билдирди

Америка Кошмо Штаттары (АКШ) Түркияга «дан коридору» үчүн ыраазычылык билдирди...

АКШнын Мамлекеттик департаментинин басма сөз катчысы Нед Прайс Орусиянын Кара деңиз дан демилгеси келишимине кайтуудагы ролу үчүн Түркияга ыраазычылык билдирди.

Күнүмдүк маалымат жыйынында суроолорго жооп берген Прайс, Орусиянын Украина данынын жана дан азыктарынын дүйнөгө экспортун жеңилдеткен Бириккен Кара деңиз дан демилгеси келишимине кайтканынан ыраазы экенин билдирди.

Бул келишим аркылуу ушул убакка дейре  Украинадан 10 миллион метрикалык тонна эгин чыгарылганын эске салган басма сөз катчы келишимди дүйнө үчүн «баш тартылгыс» деп мүнөздөдү.

Дан ташууларынын кайра башталышында Түркиянын ролуна көңүлдөрдү бурган Прайс бир суроого:«Биз түрк союздаштарыбыздын аракетин терең баалайбыз. Негизи Түркияга жана БУУнун баш катчысына ыраазы экенибизди айттым. Бул келишим баш катчы Антонио Гутерриш тарабынан даярдалган, бирок алгач Түркиянын орчундуу колдоосу, андан кийин Украинанын, акырында Орусиянын да макулдугу менен түзүлдү. Биз башкы катчыга жана Түркияга бул келишимди туура жолго салганы үчүн ыраазыбыз жана баалайбыз»,-деп жооп берди.



Тектеш кабарлар