Бодрумда мыйзамсыз мигранттар

Кургакка чыгарылган мыйзамсыз мигранттар Облустук миграция башкармалыгына өткөрүлүп берилди.

1901016
Бодрумда мыйзамсыз мигранттар

Мугланын Бодрум районунун жээктеринде грек элементтери тарабынан Түркиянын аймактык сууларына сүрүлгөн 60 мыйзамсыз мигрант Жээк коопсуздук командирлигинин топтору тарабынан куткарылды.

Жээк коопсуздук командирлигине Бодрумдун жээктеринде резина кайыктарда мыйзамсыз мигранттар бар экени кабарланды.

Бул боюнча аймакка барган топтор, грек элементтери тарабынан Түркиянын аймактык сууларына кайра сүрүлгөн 60 мыйзамсыз мигрантты куткарышты.

Кургакка чыгарылган мыйзамсыз мигранттар Облустук миграция башкармалыгына өткөрүлүп берилди.



Тектеш кабарлар