Багдад Амреев : "Эрдоган түрк дүйнөсүн бириктирүүдө ийгиликтүү болду"

Багдад Амреев Стамбулда өткөн 8 - Түрк медицина дүйнөсүнүн конгрессинде сүйлөгөн сөзүндө Түркиянын дүйнөдөгү күчөгөн таасиринен сөз кылды.

1900144
Багдад Амреев : "Эрдоган түрк дүйнөсүн бириктирүүдө ийгиликтүү болду"

Түрк мамлекеттери уюмунун башкы катчысы Багдад Амреев: «Акыркы жыйырма жылда  Түркияны дүйнөгө тааныткан, бир гана аймагында эле эмес дүйнөдө сөз ээси өлкөлөрдүн бири кылган президент Режеп Таййип Эрдоган көрсөткөн лидерлик менен түрк дүйнөсүн да бириктирүүдө ийгиликтүү болду»,- деди.

Багдад Амреев Стамбулда өткөн 8 - Түрк медицина дүйнөсүнүн конгрессинде сүйлөгөн сөзүндө Түркиянын дүйнөдөгү күчөгөн таасирин белгилеп : «Акыркы жыйырма жылда Түркияны дүйнөгө тааныткан, бир гана аймагында эле эмес дүйнөдө сөз ээси өлкөлөрдүн бири кылган президент Режеп Таййип Эрдоган көрсөткөн лидерлик менен түрк дүйнөсүн да бириктирүүдө ийгиликтүү болду. Буюрса алдыбыздагы жылдарда президентибиз түрк дүйнөсүнүн лидерлик ролун улантат», - деди.

Саламаттыкты сактоонун Түрк мамлекеттери уюмунун негизги темаларынын арасында орун алгандыгынын белгилеген Амреев  өлкөлөрдүн табигый кырсыктар, согуштар жана эпидемиялар сыяктуу учурларда бири-бирине медициналык жардам көрсөтүү, глобалдык жана аймактык платформаларда биргелешип аракеттенүү боюнча макулдашкандарын белгиледи.



Тектеш кабарлар