Эрдоган Шейх Махмуд менен сүйлөштү

Эрдоган сүйлөшүүдө Могадишодо 29-октябрда болгон террордук кол салууну айыптады.

1900092
Эрдоган Шейх Махмуд менен сүйлөштү

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Сомалинин президенти Хасан Шейх Махмуд менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Президенттиктин Коммуникация башкармалыгынан берилген маалыматка караганда, Эрдоган сүйлөшүүдө Могадишодо 29-октябрда болгон террордук кол салууну айыптады.

Эрдоган бул мыкаачылык кол салууда каза болгондорго Аллахтан ырайым тилеп, жаракат алгандардын тезирээк сакайып кетишин каалады.

Сомалинин террор менен күрөшүүсүнө күчтүү колдоосун уланта тургандарын баса белгилеген президент Эрдоган, Түркиянын ар дайымкыдай эле Сомалинин жана Сомали элинин жанында экенин айтты.

29-октябрда Сомалинин баш калаасы Могадишодо бомба жүктөлгөн эки унаа менен жасалган кол салууда 100дөн ашуун адам көз жумуп, кеминде 300дөй киши жаракат алган.



Тектеш кабарлар